19.01.2019 12:59

Маданият министрлиги каякты карап жатат? Кыргыз улуттук опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча мелдеш өтүүдө

Маданият министрлиги каякты карап жатат?  Кыргыз улуттук опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча мелдеш өтүүдө

Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында компьютердик оюндар боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Элнура Самарбекова билдирди. 

«Бул эмне шумдук??? Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында мына ушундай иш чара өтүп жатат - компьютердик оюндар. Деги кайда бара жатабыз? Мен шок абалындамын. Урматтуулар, айтсаңыздар, ушул музыкалык искусствонун ыйык жеринде компьютер оюндарын өткөргөн туурабы?», -деп жазат опера ырчысы

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын дагы бир солисти Таир Бейшеев дагы бул окуяга өз пикирин билдирди. Анын  айтымында, Кыргызстандын башкы сахнасына бул иш чараны байланыш операторлорунун бири уюштурган.

«Айтууга да тилим күрмөлбөй кетип жатат, кыргыздын улуу уул-кыздары өнөрүн тартуулаган Кыргызстандын башкы сахнасында Дота деп аталган коркунучтуу бир иш чара өтүп жатат. Мен артта калганмынбы, же ушундайга жол берген жинди чалыш муун өсүп чыкканбы?  Муну Билайн эл аралык байланыш оператору уюштуруп жатыптыр. Мен биздин өкмөт каякты карап атканын билбейм. Ушуга чейин жетиптирбиз. Бул сыйлабастыктын көрсөткүчү, маданиятка болгон көңүл кош мамиле, жалпы айтканда, маданияттын көрсөткүчү. Сөз жок», -дейт нааразы театр кызматкери. 

Маалыматка караганда, бүгүнкү өтүп жаткан таймаш  ушул жылдын 4-январында башталган турнирдин  гранд-финалы.